Кемин районундагы Боом капчыгайында Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү 2 жүргүнчү ташуучу унаа кагышып, мунун кесепетинен 13 адам жабыркады (унаалардын мамлекеттик номурлары №L12-30S жана №В51-82АR). Бүгүн, 28-июнда ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, куткаруучулар жеткенче жабыркагандарды "Тез жардам" кызматы Кемин райондук ооруканасына жеткирген.