Чүй облусунун Жайыл районундагы Федоровка айылында 27-июнда саат 21:35 чамасында Гольф-3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа даракка урулган (мамлекеттик номуру С 32 42 N).
Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге ӨКМнын №22-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, унаага кыпчылып каза болгон адамдын денесин чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүшкөн. Жабыркагандар "Тез жардам" кызматы аркылуу Жайыл райондук жандандыруу бөлүмүнө жеткирилишкен.