Чүйдөгү жол кырсыгынан каза болгондордун аты-жөнү такталды

Чүй облусунун Жайыл районундагы Федоровка айылында 27-июнда жол кырсыгына кабылып каза болгондордун аты-жөнү такталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы 28-июнда билдирди.

Белгилүү болгондой, Гольф-3 унаасын айдап бара жаткан айдоочу рулду башкара албай даракты сүзүп алган. Анын кесепетинен 3 адам каза болуп, 2 адам оор жаракаты менен райондук ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыгынан каза болгондор жана жаракат алгандар:

1. Эрлан Тоялиев, 1991-жылы туулган, айдоочу;

2. Аскер уулу Курманкул, 1991-жылы туулган;

3. "Тез жардам" аркылуу ооруканага бара жатып жолдо каза болгон дагы бир жүргүнчүнүн аты-жөнү такталууда;

4. Ырыс Тургунбаев, 1991-жылы туулган, оор жаракат алып, Жайыл райондук жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген;

5. Тилек Сартбаев, 1992-жылы туулган, оор жаракат алып, Жайыл райондук жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. 

Жарандардын жансыз денелери куткаруучулар тарабынан чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kanykey125
2015-06-29 09:00:11
Жаткан жери бейште болсун.билип билбей кетирген куноолорун кудайым озу кечирсин.кырсыктар менимче абдан эле коп болуп жатат окшойт.
0
realliver
2015-06-29 09:22:08
Айдоочу Эрлан уйдун жалгыз эркек баласы эле. Ата-энесине кыйын болду. Жаткан жерлери жайлуу болсун.
0
Eriktuu
2016-06-11 22:48:47
Аллахым жаткан жерлери жайлуу,топурактары торко болсун..билип билбей кетирген куноолорун кечир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан