Токтогул районунда күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып, бир адам мерт болду
Токтогул районунда күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып, бир адам мерт болду. Бул тууралуу 29-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Токтогул
районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында күйүүчү май ташуучу автоунаа 40 тонналык солярка менен
жолдон оодарылып кеткен. Анын кесепетинен өрт чыгып, унаа толугу менен күйгөн. Унаа жарылганда андагы 1 адам каза болгон.
Өрт өчүрүүчүлөр барганча МАИ кызматкерлери каза болгон адамды Токтогул
райондук өлүкканага алып кетишкен. Каза болгон жарандын аты-жөнү такталууда.
Сулуу кыз адамды коркутпай жакшы жанылыктардан жазчы. Мисалы кореяда кун ачык, погода сонун))
+2
AZIK01
2015-06-29 17:27:08
Аба ырайынын көпчулүккө кызыгуусу жок да, кайра адамдар ушуну окуганы кирет. Жаткан жери жайлуу болсун, КРда дагы күн ыссык окшойт. Жолдор опасныйда өзүчү...
-1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.