Өткөн аптада Баткен, Нарын, Жалал-Абад жана Талас облустарында сел жүрдү

Өткөн аптада Баткен, Нарын, Жалал-Абад жана Талас облустарында сел жүрдү. Бул тууралуу 29-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун Лейлек районунда 28-июнда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн. Анын кесепетинен Коргон айылынын Патан аймагында Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагындагы Коргон-Катран-Баул унаа жолунун 2-чакырымынын 70 метр аралыгын сел суулары жууп кеткен. Натыйжада Катран, Баул жана Өзгөрүш айылдарына унаалардын каттамы үзгүлтүккө учураган.

Ошондой эле Коргон айылында 5 турак үйдүн бакчаларына сел суулары кирип, анын ичинен 1 турак үйдүн дубалы чөккөн. 1 чакырым  ички чарбалык арыктар кум-шагылга толгон.

Мындан сырткары Коргон айылында сел суулары Козу-Баглан дарыясынын жээктерин алып кеткен. Козу-Баглан айылынын жашоочуларын таза суу жана сугат суусу менен камсыздап турган 2 лотокту сел агызып кеткен. Ошондой эле Чарбак-Сай айылынын 1,7 чакырым ички чарбалык жолдорун сел жууп кеткен.

Нарын районундагы Жерге-Тал айыл аймагында 27-июнда катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон түшкөн сел суулары болжол менен 2 турак үйдүн чарбактарын жана 3 турак үйдүн короо-сарайларын каптаган. Ак-Талаа районундагы Үгүт айыл аймагындагы Байгөнчөк айылынын Талаастан тилкесинде 26-июнунда 30 мүнөткө созулган мөндүр аралаш нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Бөрү-Баш коктусунан келген кыян суулары Байгөнчөк каналына батпай ашып, каналга жакын жайгашкан 1 турак жайдын короо-сарайын жана айдоо аянттарын каптаган. Материалдык чыгым 386 816 сомду түздү.

Талас облусунун Манас районундагы Покровка айыл аймагында 23-июнда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жайылган айылындагы Кара-Коо, Узун-Булак сайларынан жана Кара-Арча айылынын Куру-Сай, Кара-Арча сайларынан сел ташкындары түшкөн. Селдин кесепетинен Жайылган айылындагы сел өткөрүүчү Жорго каналынын үч жеринен суу ашып кеткен. Анын кесепетинен Жайылган айылында 30 турак үйдү, 1 мектепти, 28,8 гектар айдоо жерлерин, Кара-Арча айылында 17 турак үйдүн  4,05 гектар бакчаларын сел каптаган.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү айыл аймагында 24-июнда сел жүргөн. Селдин кесепетинен Кең-Кол айылындагы Күйгүмөн сайында суунун деңгээли көтөрүлүп, жээкке жакын жайгашкан 2 турак үйдү суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Мындан сырткары сайдын жээгине жакын жайгашкан 108 кожолук сугат суу катары пайдалануучу арыкты жана ичүүчү суу катары пайдаланып келген булактын башталгыч тарабын сел суулары бузуп, жараксыз абалга келтирген. Селдин кесепетинен Кең-Кол айылынын жашоочулары суусуз калышкан. Жергиликтүү тургундар ичүүчү таза сууну 1 чакырым алыстыктагы сайдан ташып ичүүдө, ал эми сугат суу менен тез арада камсыз кылуу зарыл. Мындан сырткары сайдын ичи менен автожол катары пайдаланылып келген ички чарбалык жол бузулуп, 21 кожолук пайдаланган унаа жол каттамы токтоп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан