Чүй облусунун Кемин районунда бүгүн, 29-июнда саат 04:45 чамасында жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ак-Бекет айылында Хундай-Портер жүк ташуучу унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып даракты сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 1995-жылы туулган И.У.Анапияев жана 1988-жылы туулган А.У.Анапияев жабыркаган. Окуя болгон жерге барган ӨКМнын №5 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркаган адамдарды автоунаанын ичинен чыгарышып, "Тез жардамдын" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.