Тайвандын Синьбэй шаарындагы аквапарк жарылып, жаракат алгандардын саны 500дөн ашты. Бул тууралуу 28-июнда жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Акыркы маалыматтар боюнча, жабыр тарткандардын саны 516 адам болсо, алардын 194ү оор абалда. Көпчүлүгүнүн денесинин 50 пайызы күйгөн. Жаракат алгандар 39 ооруканага жайгаштырылды. Бийлик өкүлдөрү жакынкы төрт шаардагы бейтапканаларга жаракат алгандарды кабыл алууга даяр туруу буйругун берди. Жарылуу ишемби күнү Formosa Water Park аквапаркында дискотека болуп жаткан учурда орун алган. Бий аянтчасында өңдөрдүн майрамы белгиленип, катышуучулар салт боюнча бири-бирине упа сымал боёкторду ыргытышып жатышкан. Сахнада түркүн түстөгү түтүнгө окшош атайын эффекттер адамдарды курчагандан кийин белгисиз себептен жарылуу болуп, өрт чыккан.