Мамлекетке 8 миллион сомдон ашуун зыян келтирген Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 29-июнда билдирди. Маалыматка караганда, аталган райондогу билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери 2014-жылы жасалма документтер менен мугалимдерге эмгек акыга бериле турган каражатты өздүк эсебине өткөрүп алышкан. Натыйжада мамлекетке 8 миллион 15 029 сом сом зыян алып келген. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.