Бишкекте бир адамга 11 чарчы метр жашыл аянт туура келет

Бишкекте бир адамга 11 чарчы метр жашыл аянт туура келет, бул нормадан эки эсе аз. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында белгилүү болду. Нормага ылайык, бир адамга шаардагы жашыл аянттын көлөмү 23 чарчы метрди түзүшү зарыл.

Бишкекте учурда жалпысынан тигилген бак-дарактардын аянты 5635 гектарды түзөт. Анын 856 гектары жалпы колдонууга берилген. Шаардын аймагында 10 сейил бак жана эс алуучу жай, 9 гүл бакча, 52 сквер жана 2 бульвар бар.

Депутаттардын айтымында, бүгүнкү күндө шаарда жашыл өсүмдүктөрдүн аянты өтө кыскарып кетти. Бул сугат сууларынын аздыгына, көчөттөрдү атайын системи жок тигүү, аларды өстүрүү жана сактоо иш-аракеттери туура каралбаганына байланыштуу экени белгиленди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан