Митингчилер: "Мөңгүлөрдү талкалоого макулдук берген депутаттар - кыргыз элинин душманы"

Бүгүн, 29-июнда Ак үй алдында "Кумтөрдөгү" Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн талкалоого каршы митинг өтүп жатат. Митингди жаш активисттер өткөрүүдө. Ага 50дөн ашуун адам чогулуп, мамлекеттик гимндин биринчи куплетин ырдоо менен башташты. Учурда чогулгандар өз ойлорун айтып жатышат. Алар президент Алмазбек Атамбаевден мөңгүлөрдү талкалоого макулдук бербөөсүн өтүнүшүүдө. Ал эми алар "мөңгүлөрдү талкалоого макулдук берген депутаттар - кыргыз элинин душманы" дешти.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш буга байланышкан “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун өткөн жумада 2-окууда жактырган. Документке 52 депутат "макул", 39 депутат "каршы" деп добуш берген. Өкмөт сунуштаган бул демилгеге ылайык, "Кумтөрдө" алтынды жер алдынан гана эмес, мөңгүнү башка жакка жылдыруу менен үстүнөн чапчып казууга канадалык "Центерра" компаниясына укук берилет. 

Бишкекте "Кумтөрдөгү" мөңгүнү талкалоого каршы митинг өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Artyr1994
2015-06-29 10:49:18
ХХХ ХХХ ХХХ... Бакиев Акаев кантип кеткенин унутуп калды окшойт... Ошол эшеке минерлерге тушунбойм да. Озунун кресласын сактайм деп бутундой кыргыз элин сатып жатат...
+4
Artyr1994
2015-06-29 10:51:30
Мен жеке озум 3 окууда колдосо. ХХХ ХХХ, 52 макул дегендерди ХХХ ХХХХ... Атамбаевтин партиялаштары экен колдогондор.
+5
Bektur2
2015-06-29 10:52:55
АШАнын кубаланып кеткиси келбесе озгортулгон мыйзамга кол койбойт
+2
nur0077
2015-06-29 11:21:08
Кунун Уч-Коргондон корот,буюрса.Партиясына добуш бердирип,законду откоруп эле корсун!
+4
gulmi
2015-06-29 12:00:41
Коп адамдар ызырынып турушат.Биринчи компенсацияны ала беришсин(5миллиард),кумтор иштегенден бери эч кандай пайда таба элекбиз,калп эле ыссык-колдун айылдарына бала бакча салып,беш-он уй таратып коюп кумтор элдин алдан келе жатат,баардыгына куноолу биздин чиновниктер жен ичинен акча алып,кол жоолук болуп калган парламент аркылуу мыйзамдарды откоруп берип коюп жатышат.
+3
kama_future_millioner
2015-06-29 12:12:46
Менда колдойм кол коюлбаш керек
+3
ainur78007
2015-06-29 12:31:08
ХХХ ХХХ
-1
Evrazia.
2015-06-29 13:36:34
Депутат деген аты эле болбосо копчулугу эч бир ишке жарабаган эрчимелер. Макул деген добуштун артында да канча деген келишимдер турса керек.
+1
lale82
2015-06-29 14:48:19
менда ХХХ ХХХ ХХХ... керек болсо учунчу окууга жетпеш керек. ХХХ ХХХ депутат ХХХ ХХХ...! ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-06-29 14:53:41
lale82 - 3 күнгө БАН!
Провокация жарата турган, кимдир бирөөлөрдү кемсинтип, мазактаган, этика нормаларына туура келбеген создөрдү жазууга тыюу салынат.
0
admin_portal
2015-06-29 14:54:42
ainur78007, Artyr1994 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
jaazira13
2015-06-30 16:25:54
эки жыл мурун ак уйдун дарбазасынан секирип подстанциядагы светти очуруп эл окулун барымтага алгандар - ошолор душмандар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан