Бишкектеги Журналисттер скверинде кылмыштар көп болуп жатканы айтылды

Бишкектеги Журналисттер скверинде зордуктоо, адам өлтүрүү, талап-тоноо фактылары көп болуп жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 29-июнда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутаттар билдиришти. Алардын айтымында, Бакаев - Айни – Островский – Сухомлинов көчөлөрүн бойлой жайгашкан бул сквердин жанында жашаган тургундар сейил бактын азыркы абалына өтө нааразы. Белгилүү болгондой, жергиликтүү тургундардын 81 пайызы сквердин кир экенин, 99 пайызы жарыктандырылбаганын, 42 пайызы көрктүү эместигин, 56 пайызы сугарылбаганын билдирген. 

Маалыматка ылайык, Журналисттер сквери 1957-жылы түзүлгөн, жалпы аянты бүгүнкү күндө 3 гектарды түзөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан