Бишкекте 2 жылдан бери иштебей турган №25-мектептин мугалими окуучулардын абалы кыйын экенин айтып, президентке кайрылды

Бишкектеги №25-мектеп 2 жылдан бери иштебей турат. Бул мектептин түртүлөрү же оңдоп-түзөлөрү боюнча эч кандай маалымат жок. Бул тууралуу мектеп мугалими Токтокан Качиева бүгүн, 29-июнда маалымат жыйынында билдирди. 
Анын айтымында, бул маселени көтөрүп, мэрияга жана Башкы прокуратурага кайрылганбыз. "800 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп курууга 250 миллион сомдун тегерегиндеги каражат керек экен. Ал эми оңдоп-түзөө иштерине 80 миң доллардай каражат керектелет, бирок учурда каражат жок экени айтылып жатат. Жаңы мектеп салууга республикалык бюджеттен каражат бөлдүрүү үчүн кем дегенде 3-4 жыл күтүш керек. Мындан ары окуянын кандай өнүгөрү бизге да табышмак. Президент Алмазбек Атамбаевден бул мектепти түрттүрүп, жок кылууга жол бербөөсүн суранат элек. Биздин балдар жакын аралыктагы мектепке барып-келүүгө көнүп калышкан",- деди Т.Качиева.    
Ал кошумчалагандай, кезинде мэр Иса Өмүркулов Азербайжандан грант бөлүнүп, мектеп спортзал жана бассейни менен курулары айтылган. Кийин мэр Кубанычбек Кулматов да бул маселени карап, Кытайдан грант бөлүнөрүн айткан, бирок айтылгандар аткарылган эмес. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан