«BRK Group» холдинги Бишкек шаарындагы «Карагат» турак жай комплексин куруу иштерин аяктады. Андагы бардык 220 батирдин ээлери ачкычын колуна алышты.
Салтанаттуу иш-чара 17-ноябрда уюштурулуп, ага жаңы көп кабаттуу үйдүн тургундары, компаниянын коноктору, артисттер жана «BRK Group» компаниясынын амбассадорлору катышты. Кеченин алып баруучусу холдингдин амбассадору Урмат Борченов болду.
Анда алгач «BRK Group» компаниясынын башкы директору Кобашев Улан Желденбаевич конокторго кайрылды. Ал меймандар менен учурашып, жаңы үйдүн тургундары үчүн жашоонун жаңы барагы ачылып жатканын жана компания бул маанилүү окуянын бир бөлүгү болгонуна кубанычта экенин белгиледи.
«„Карагат“ — биздин долбоорлорубуздун бири. Эми бул долбоорубуз курулуш аянтчасы эмес, жарандар жашай турган үйгө айланды. Баарыңыздарды жаңы конуштуу болушуңар менен куттуктайм! Ошондой эле бул комплексти курган командага ыраазычылык билдирем.
Биз мындан ары да алдыга карай умтулабыз, дагы көптөгөн алгылыктуу долбоорлор бар. Жакында дагы ачкыч тапшыруу аземи болот. Бул ирет „Абсолют“ бизнес-борборунда жолугушабыз. Алдыда дагы кызыктуу долбоорлор турат», - деди ал.
Андан кийин жаңы конуштун тургундары кезек-кезеги менен сахнага чыгып, батирлеринин ачкычын алышты.
Коноктор үчүн атайын шоу-программа даярдалган. Кеченин башында скрипкачылар, иллюзионисттер жана барабанчылар өнөрлөрүн тартуулашты. «BRK Group» компаниясынын амбассадору, ырчы Толгонай Арзыкеева өзүнүн ырларын аткарса, ырчы Каныкей башкы жылдыз болду.
Кечедеги меймандардын бири да белексиз кайткан жок. Мындан тышкары тиричилик техникалары ойнотулуп, башкы байге катары Вьетнамга 2 кишилик жолдомо берилди.
Жарандар турак жай тандоо учурунда биринчи кезекте анын жайгашкан аймагына: жакын жердеги сейилдөөчү жайларга, райондун инфраструктурасы канчалык өнүккөнүнө, жумушка, мектепке же шаардын борборуна жетүү үчүн канча убакыт корото турганына көңүл бурушат. Бул жагынан «Карагат» турак жай комплексинин артыкчылыктары арбын.
Комплекс Литвинов көчөсүндө — Москва жана Фучик көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан. Анын түштүк жана чыгыш тарабындагы жол 7 гектардан ашык аянтты ээлеген Юлиус Фучик атындагы паркка алып барат. Паркта балдар менен сейилдөөгө, эртең менен чуркоого, спорт менен машыгууга жана бак-дарактардын көлөкөсүндө эс алууга болот. Тактап айтсак, үйдүн жанында эле парк турат.
Райондун инфраструктурасы да жакшы калыптанып калган. Бала бакчалар, мектептер, азык-түлүк дүкөндөрү, ооруканалар жана коомдук транспорттун аялдамалары жакын жайгашкан. Ал эми Бишкектин борборуна унаа менен 15 мүнөттөй убакытта эле жетүүгө болот. Демек, жашоочулар үйдүн айланасында дүкөндөрдүн же коомдук транспорт каттамдарынын пайда болушун күтүп отурушпайт. Алардын баарынын иши жолго коюлган.
Короодо балдар аянтчасы, эс алуучу жайлар жана спорттук аянтчалар бар. Ата-энелер балдарын оюн аянтчасына ээн-эркин жөнөтө алат. Жарандарга таза абада машыгуу үчүн алыска баруунун да кереги жок.
Эми имараттын өзү тууралуу айтсак: көп кабаттуу үй монолиттик технология менен курулуп, фасады гранит менен капталган. Батирлердин шыбынын бийиктиги 3 метрден 3,3 метрге чейин жетет. Төрт камералуу терезелер жылуулукту жакшы сактайт. Үй борбордук жылытуу системасы, таза суу жана жаратылыш газына туташтырылган. Тургундардын коопсуздугун күзөт кызматы жана видеобайкоо системасы камсыздап турат.
«Карагат» турак жай комплексинде аянты 40,23 чарчы метрден 77,82 чарчы метрге чейинки 1-2 бөлмөлүү батирлер бар. Долбоорду иштеп чыгууда эргономика принциптерине басым жасалган. Анын негизинде ар бир чарчы метр натыйжалуу пайдаланылып, батир ээлери ашыкча аянт үчүн кошумча каражат төлөбөйт.
«BRK Group» холдинги 15 жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстанда жана Казакстанда ишмердүүлүгүн улантып келет. Холдингдин курулуш иштерин 2019-жылы негизделген «Bereke Building» компаниясы жүргүзөт. Анын командасы Кыргызстандагы курулуш, башкаруу жана кыймылсыз мүлктү инвестициялоо тармактарында көп жылдык тажрыйбасы бар адистерден куралган.
«Карагат» турак жай комплексинин пайдаланууга берилиши «BRK Group» үчүн маанилүү этап болуп саналат. Кийинки кезекте «Абсолют» бизнес-борбору турат.
Компаниянын долбоорлору тууралуу кенен маалымат алуу үчүн бизге кайрылыңыз.
Дарек: Бишкек шаарынын Ч. Айтматов проспектиси №114
Телефон номуру: 996 501 555 577, +996 550 555 577
Instagram: brkgroup.kg