Бишкектеги №25-мектеп 2 жылдан бери иштебей турат. Бул мектептин мугалимдери жана окуучулар 3 мектепке которулган (№47, №7, №74-мектептер). Бирок башка мектепке баргандан баш тартып, 50 мугалимдин 25и жумушун таштады. Мындай маалыматты бүгүн, 29-июнда маалымат жыйынында аталган мектептин тарых мугалими
Токтокан Качиева билдирди.
"Ишин таштаган мугалимдердин көбү мол тажрыйбага ээ болчу. Мен аларды карап туруп кейип кетем. Мамлекетке мындай тажрыйбалуу мугалимдер керек болчу. Калган мугалимдер жана окуучулар №74-мектепте "квартирант" сыяктуу жүрөбүз",- дейт ал.
Кошумчалай кетсек, бул мектеп 2013-жылы авариялык абалда деп табылып, окуучулар 3 мектепке бөлүнгөн. Жакындыгына карап, окуучулардын басымдуу бөлүгү №74-мектепке которулган.