Митингчилер "Кумтөрдөгү" мөңгүнү талкалоого жол берчү сунуш артка чакыртылып алынган соң тарап кетишти

Активисттер "Кумтөрдөгү" Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн талкалоого каршы. Мөңгүлөрдү сактоо керектигин айткан 100гө чукул активдүү жаран бүгүн, 29-июнда Ак үй алдына митингге чыкты. Чогулгандардын ар бири микрофонго келип "Кумтөрдүн" айланасындагы орчундуу пикирлерин айтышты. Уюштуруучулардын бири Үрүстөм Кабылбеков аталган аймакта мөңгүлөрдүн кору түгөнсө, Орто Азияда суу көйгөйү эң чоң маселеге алып келерин айтты. Айрымдары канадалык ишкерлердин айтканы менен болуп жаткан өкмөт мүчөлөрүн жана депутаттарды жоопкерчиликтүү болуп, элдин келечегин ойлоп, пайдалуу чечим кабыл алууга чакырып жатышты. 
Жыйынтыгында митингчилер Жогорку Кеңеш "Кумтөрдө" мөңгүнү талкалоого жол берчү мыйзамга добуш берүүдөн баш тартканын уккандан кийин тарап кетишти. 

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш буга байланышкан “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун өткөн жумада 2-окууда жактырган. Документке 52 депутат "макул", 39 депутат "каршы" деп добуш берген. Өкмөт сунуштаган бул демилгеге ылайык, "Кумтөрдө" алтынды жер алдынан гана эмес, мөңгүнү башка жакка жылдыруу менен үстүнөн чапчып казууга канадалык "Центерра" компаниясына укук берилет. 

Бишкекте "Кумтөрдөгү" мөңгүнү талкалоого каршы митинг өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Muradil015
2015-06-29 13:26:20
Аллага шүгүр кайрып алыптыр
+2
Bektur2
2015-06-29 13:34:40
Кайрып алып кайра макулдук берип койбой созунорго турса болду Элди бал тилге салып таратып ийип кийин суудан кургак чыкпагыла
+2
Patriot...kg
2015-06-29 13:56:28
Жакшы
+1
nelya88
2015-06-29 15:13:45
Митингчилерге алкыш айтабыз!Алтындай убактынарды болуп,кундун ысыгына карабай,жан дилинер менен куйуп,Кыргыз жергебиздин келечегин ойлогонунуздар учун ЧОН РАХМАТ!
+2
iliaz-91-91
2015-06-29 15:54:09
Чын чыныгы ишти аткарышыптыр.
0
KGstan81
2015-06-29 17:34:11
Бул чыкынчылык мыйзамды артка кайтарышып алгандарынын себептеринин бири бул азыркы кезде Арменияда б-п жаткан каршылык акциялар болусу ыктымал.Себеби эсинерде болсо Арменияда баштап аз сандагы митингчилер чыканда полициялар водомет м-н аларды таркатып жиберишти эртеси куну он мин деген адамдар чыгышты.Эгерде биздин милициялар митингке чыкандарды куч м-н таркатып жиберишкенде бизде дагын Армения сымалы эртеси миндеген адамдар чыгышмакчы.Депутатар ошондон коркушуп бул мыйзамды артка кайтарышты.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан