Ош. Жапалак айылынын тургуну 24 жаштагы кызды өлтүргөнүн моюнуна алды
Ош-Ноокат унаа жолунан 21-июнь күнү 24 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыз Ысык-Көл облусунда 1991-жылы туулган Баатыралиева Элнура Жанышовна экени аныкталды. Бул тууралуу 29-июнда Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Ош облустук ички иштер органдары менен Жол-кайгуул кызматы биргеликте иликтөө иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Жапалак айылынын тургуну А.У. кармалып, шектүү кылмышын моюнуна алды. Тергөө иштери жүрүүдө.