Бишкекте ЕАЭБдин алкагында салык салуунун өзгөчөлүктөрүнө арналган иш-чара өтүүдө

Бүгүн, 29-июнда Бишкекте ЕАЭБдин алкагында салык салуунун өзгөчөлүктөрүнө арналган тегерек стол өтүүдө. Ага КРнын Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары Октябрь Абдыкаимов, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы төлөмдөр башкармалыгынын жетекчиси Замир Ниязалиев, салык төлөөчүлөр жана башкалар катышууда. Иш-чара Эл аралык ишкелер кеңеши тарабынан уюштурулду. Тегерек столдун жүрүшүндө мамлекеттик органдар салык төлөөчүлөрдү кызыктырган суроолорго жооп беришет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан