ЕАЭБге киргенден кийин өлкөгө импорттолгон товардын баасына кошулган салыкты 50 күнгө чейин төлөсө болот

Мамлекет ЕАЭБге киргенден кийин өлкөгө импорттолгон товардын баасына кошулган салыкты (НДС) 50 күнгө чейин төлөсө болот. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда ЕАЭБдин алкагында салык салуунун өзгөчөлүктөрүнө арналган тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары Октябрь Абдыкаимов билдирди.

Мисалы, 1-июлда өлкө аймагына товар алып кирсеңиз, анын баасына кошулган салыкты август айынын жыйырмаларында төлөсөңүз болот. Бул убакыт ичинде ал товарды сатып, салыкты жеңил төлөөгө шарт түзүлөт. Айта кетсек, коюм (ставка) наркы мурункудай көрсөткүчтө өзгөрүүсүз калат”,- деди Абдыкаимов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан