Экспорттук товарлар салык төлөмдөрүнөн бошотулат

Экспорттук товарлар салык төлөмдөрүнөн бошотулат. Муну бүгүн, 29-июнда ЕАЭБдин алкагында салык салуунун өзгөчөлүктөрүнө арналган тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары Октябрь Абдыкаимов билдирди. Анын айтымында, биздин өлкөдөн сыртка чыгарылган товарларга салык салынбайт.

Ошондой эле бизге келип түшкөн товарларга болгон коюм (ставка) нөл пайызды түзөт.

Муну менен дагы бир маселе боюнча айта кетсем, импорттолгон товарды алып кирүүдө чек арада атайын талон берилет. Ага жүктүн аты, салмагы жазылып, анан чек ара кызматкери тарабынан тастыкталат. Кийин ошол коюлган дата менен валюта курсу боюнча салык наркы эсептелет”,- деди адис. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан