Шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метр болгондо, чыгымга учурагандарга мамлекет тарабынан жардам берилет
Май айынын соңунан тартып жана июнь айында өлкө аймагында бир нече жолу катуу шамал катталды. Бишкек шаарында 9-июнга караган түнү болуп өткөн катуу шамалдын кесепетинен улам келтирилген чыгым 1 миллион сомдон ашкан эле. Ошол эле күндөрү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда да катуу шамал турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткен. Материалдык чыгымга учураган жарандар мамлекет тарабынан жардам алуу жолдорун сурап SUPER.KG порталына кайрылышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн, 29-июнда: "Бишкектеги 9-июнга караган түнү болгон катуу шамалдын кесепеттерин жоюу менен калыбына келтирүү иштери бүткөн. Жалпысынан биздин министрлик тарабынан турак жайларга шиферлер берилди. Жардам алууда турак үйлөрдүн Кызыл китеби болушу шарт. Ал эми сарай, убактылуу жашоо үчүн курулган чакан үйлөр үчүн шиферлер берилбейт",- деп билдиришти. Ошондой эле шамалдын ылдамдыгына жараша өзгөчө кырдаал белгиленерин кошумчалап: "Шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге жеткенде өзгөчө кырдаал
катталып, андан материалдык жактан жабыр тарткан үй-бүлөргө жардам
берилет. Ал эми тоолуу аймактарда, Нарында шамалдын ылдамдыгы секундасына 30 метрден ашканда жардам көрсөтүлөт. Ала-Букада орун алган шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен эмес, ошондуктан өзгөчө кырдаал катары катталган жок. Катуу шамалдан жабыр тарткандар өзү жашаган аймактагы министрликтин башкармалыгына кат менен кайрылышы керек. Тиешелүү адистер кырсыктан болгон чыгымдын даражасын аныктап беришет",- деди ӨКМнын басма сөз кызматы.
Нарын облусу үчүн ошол токтомду кайрадан карап чыгыш керек, бизде 18-19 метр/секунда эле болгондо көптөгөн материалдык чыгымга учурашууда. Нарында шамал болгондо кыйраткыч күчкө ээ болгон куюн аралаш шамал болот, ошон үчүн Нарын облусун дагы башка облустар катары эле 25 метр/секундага түшүрүү зарыл. 30-35 метр секунда болгондо басып жүргөн кишини учурганга күчү жетет шамалдын.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.