Өлкө аймагында ЕАЭБге кирүү боюнча суроо-жооп семинарлары өтүүдө. Мындай маалыматты бүгүн, 29-июнда ЕАЭБдин алкагында салык салуунун өзгөчөлүктөрүнө арналган тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары Октябрь Абдыкаимов билдирди. Анын айтымында, учурда республика боюнча 700 субъект менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, түшүндүрүү иш-чараларды өткөрүү керектиги белгиленген.
“Аталган семинарлар учурда Нарын жана Ысык-Көл облустарында өткөрүлдү. Бүгүнкү Бишкекте өтүп жаткан тегерек стол да ушул иштин алкагында өтүп жатат. Жакында бизнес чөйрөнүн ЕАЭБ туурасында суроолоруна биз Бажы кызматы менен бирге түштүктө жайгашкан облустарга барып жооп беребиз. Бүгүнкү күндө атайын китепчелерди чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүүдө”,- деди Абдыкаимов.