"Келечек ээлери болгон балдарга шарт түзүү - шаар бийлигинин милдети. Тилекке каршы, мына ушул курулуш иштери жүрүп жаткан бакчанын аянты да жеке менчикке пайдаланууга берилип кеткен экен. Соттук процедуралардан улам кайра кайтарып алдык. Буюрса, ушул бакчадан таалим-тарбия алган балдардан келечекте мамлекетти башкарган балдар чыксын. Биз жасаган иштердин үзүрүн шаардыктар көрүүгө тийиш. Жакында шаардагы унаа тыгындарын азайтуу максатында айланма жол куруу иштери башталып, жол дал ушул айылдан өтөт. Сиздер койгон талаптар четинен аткарыла баштады. Бардык маселелерди ынтымакта, түшүнүү жолу менен бирдиктүү чечсек болот”,- деди мэр.