Нарын облусунда сел жүрүп, боз үйдү жана чатырды агызып кетти

Нарын облусунда сел жүрүп, боз үйдү жана чатырды агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 30-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылында 29-июнда 20 мүнөткө созулган нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен айылдын түндүк-батыш тарабындагы Шаркыратма-Ноосу коктусунан келип түшкөн кыян суулары коктунун оозунда жайгашкан 1 турак жайды короосу жана сарайы менен каптап кеткен. Ошондой эле айылдын түндүк-батыш тарабындагы Баетов-Макмал унаа жолунун суу өтүүчү түтүгүнө жогорудан келген кыян суулары батпай түтүктөн ашып, унаа жолду бойлой жайгашкан 1 боз үйдү (70 баш) жана 1 чатырын (10 адамдык) эмеректери менен, балдар ойногон аянтта орнотулган курулмаларды агызып кеткен. Унаа жолго жана түтүккө зыян келген эмес.

Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда ЖЭМ-15 ишканасынан 1 бульдозер, 1 грейдер кезметте турат. Адам өмүрүнө жана мал-жандыктарга зыян келтирилген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
12.12.12
2015-06-30 08:52:32
Былтыр кургакчылык болуп, эл суу тиледи эле. Эми айланын баардыгын сел, суу агызып жатат. Жаратылыш да. Боло берет.
0
deva
2015-06-30 09:02:03
Өздөрү кооптуу жайга байырлашкан тура. Мындай болгон соң жаратылыш кырсыгын ишенип болбойт, ар жак бер жагынан чоң арыктарды казып коюшса болмок
0
boyka.kg
2015-06-30 09:10:58
дагын не болду мен азыр уйдо олтурам
0
Maksat81
2015-06-30 19:11:28
Малекеттен жардам болобу же оздору туура эмес салышкан деп нарында чанда бир кырсык болсо маани деле беришпей коебу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан