Ысык-Көлдө мал уурулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу 30-июнда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын апрель айында мал уурдоо боюнча эки факты катталган. Анда Көк-Мойнок айылынын бир тургунунун ири мүйүздүү 9 баш малын, башка тургундун 5 коюн уурдап кетишкени белгилүү болгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери мал уурдоо менен алектенген кылмыштуу топтун изине түшүшкөн. Топтун башчысы 30 жаштагы Мирлан Т. аттуу жергиликтүү тургун экени аныкталган. Ал жана анын кол алдындагы 22 жаштагы К.Камбар, 33 жаштагы З.Санжар кармалып, тергөө абагына киргизилди.