Чүйдө "адам өлтүрүп, кылмыш изин жашыруу үчүн сөөктү көмгөн" деген шек менен 20 жаштагы жаран кармалды

Чүйдө "адамды өлтүрүп, көмүп салган" деген шек менен 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу 30-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 27-июнь күнү Аламүдүн райондук ички иштер органдарына адам өлтүрүү фактысы боюнча кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер турак үйдүн короосунда 1-1,5 метр аянттын жаңыдан казылып, кайра көмүлгөнүн аныкташкан. Ал жердеги 1,5 метр тереңдиктен 1982-жылы туулган С.М. аттуу жарандын жансыз денеси табылган.
Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жарандын денеси өлүкканага жөнөтүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Натыйжада анын моюн органдары кесилип, көп кан жоготуудан жан бергени аныкталган. Факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1995-жылы туулган К.В. кармалган. Алдын ала маалыматка ылайык, эки жаран уруша кетишкен. К.В. маркумдун моюнуна бычак сайып, кылмыштын изин жашыруу максатында сөөктү көмүүнү чечкен. Иликтөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chomly88
2015-06-30 10:48:13
Жап жаш туруп адам олтурууго кандай духу жетти бул молокосостун. Ужас!!!
0
Bors
2015-06-30 13:47:44
chomly88, Сен азыр чондордон эмес ошол жаштардан Корк.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан