Кечээ, 29-июнда Талас, Баткен облустарынын айрым аймактарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 30-июнда билдирди.
Маалым болгондой, Талас районунун Бекмолдо айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Хан-Бүргө айылынын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан Мүрзөлүү сайынан сел жүргөн. Анда 6 гектар төө буурчак айдалган жерди жана 1 мал сарайды суу каптаган. Көк-1 сугат арыгынын 600 метр аралыгын жана Көк-2 сугат арыгынын 350 метр аралыгын кум-шагылга толтурган. Турак жайларга коркунуч туудурган жок. Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Сасык-Булак айылынын түндүк тарабында жайгашкан Жошо сайынан жүргөн сел айдоо жерлерин: 1 гектар төө буурчак, 1 гектар картошка, 60 сотук арпа жана 1 мал сарайды каптаган.
Баткен районундагы Кыштут айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн. Анын кесепетинен Кыштут айылынан Дара айыл аймагына баруучу жолдун 3 чакырым аралыгын кум-шагылга толтуруп, кээ бир жерлерин оюп кеткен. Сел ички жолдун четин, узундугу 3 метр жерин 1 метрге чейин оюп, жууп кеткен. Жол оор жүк ташуучу унаалар үчүн кооптуу абалда. Жолду тазалоо иштерин аткаруу райондук ЖЭМ-2 ишканасы тарабынан жүргүзүлөт.
Таян айылындагы Үстүрт аймагында сел жүрүп, ал 2 турак жайдын бакчаларын, 1 үй-бүлөнүн үлүш жерин, ички чарбалык арыктын 60 метр аралыгын каптаган. Жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.