Көк бөрү улуттук ат оюну ЮНЕСКОго кыргыз жергесинин атынан эмес, башка өлкөнүн атынан катталганы турат. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда маалымат жыйындын жүрүшүндө коомдук активист Фархат Баабиев билдирди. Анын айтымында, учурда казак телеканалдарынын биринде көк бөрүнүн аналогу болгон көкпар оюнун ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү туурасында сөздөр болууда.
“Ал эми биздин массалык маалымат каражаттарында бул жөнүндө сөз жок. Минтип жүрө берсек, казак туугандар аз күндө көк бөрүнү тартып алышат. Көрсө, биздин көк бөрү оюнуна окшогон улуттук оюндар ооган, иран жана башка элдерде да бар экен. Тилекке каршы, биздин улуттук оюн ЮНЕСКОнун тизмегине кирбей калуу коркунучунда турат. Анткени, эл аралык уюмдан билдиришкендей, биздин өлкөдө буга байланыштуу иш-чаралар алгылыктуу өткөрүлбөй эле турат”,- дейт коомдук активист.