Улуттук университетте коррупциялык фактылар аныкталды

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу 30-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган окуу жайдагы Ишкердикти башкаруу институтунун М.Э. аттуу кызматкери  кызмат абалынан пайдаланып, студенттердин өндүрүштүк практикасын жана дипломдук ишин даярдап берүүнү убадалаган. Ал үчүн 5-курстун студенттери П.Ядан 3000 сом, Б.Ч. - 10 000 сом, М.Д. - 15 000 сом, И.Н. - 8 000 сом жана С.Н. аттуу студенттен 10 000 сом алганы белгилүү болгон. Жалпысынан 46 миң сом алганы аныкталган. Факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан