22-февралда Түркиядагы аэропорттордун биринен 1 тонна 300 килограмм алтын жүктөп бараткан учак колго түштү. Түркиялык маалымат булактары билдиргендей, аталган учак "Түркмөн авиакаттамдары" компаниясына тиешелүү болгон. Учакта “Polimeks” деп аталган түркиялык курулуш ишканасына тиешелүү алтын Түркмөнстандын борбору - Ашхабад шаарына алынып бараткан. Аталган ишкана билдиргендей, кармалган алтын эл аралык тыюу салуулардын айынан банктык акча которууларды жүргүзүүгө мүмкүн болбогон өлкөлөрдөн алтынга курулуш материалдарын алмашуу үчүн алынып бара жаткан. “Polimeks” ишканасы Түркмөнстанда 17 жылдан бери иш алпарып келет. Ал бул мамлекетте 120дан ашык курулуш долбоорлорун ишке ашырган.