Укук коргоочу: “Кыйноо фактылары боюнча прокуратура милиция кызматкерлерине карата адилеттүү чечим чыгарса дейбиз"

“Кыйноо фактылары боюнча прокуратура милиция кызматкерлерине карата адилеттүү чечим чыгарышын талап кылабыз”,- дейт бүгүн, 30-июнда маалымат жыйын учурунда “Кылым шамы” коомдук фондунун директору Азиза Абдирасулова. Ал учурда милиция кызматкерлеринин колунан сабалган Автандил Тынышевден башка дагы көптөгөн жабырлануучулар боюнча иш ордунан жылбай жатканын билдирди.

Биздин коомдук фонд укугу тепселенген жарандарга жардам берүү боюнча иш алып барат. Бизге милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого учурагандар көп кайрылышат. Мисалы, Ноокат районунда К.Хасанов аттуу жаранды милиционерлер бир нече жолу унаасына салып кетип кыйнашкан, бул окуяга күбө болгон адамга карата да кысым көрсөтүлгөн.

Ысык-Көл облусунун тургуну И.Абдрашев белгисиз бирөөлөр тарабынан ур-токмокко алынгандан кийин милиция кызматкерлери аны камакка алышкан. Мындан көп өтпөй сабалган адам кыйноого учурагандыгы боюнча арыз жазган. Мындан улам биз прокуратураны адилеттүү жана ар тараптуу иликтөө өткөрүүгө чакырат элек, анткени жазаланбагандык колу таза эмес укук коргоо органдарынын каалаган нерсесин жасоосуна алып келет”,- деди Абдирасулова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан