Бүгүн, 30-июнда да Ак үй алдына "Ош базарында" иштеген соодагерлер митингге чыгышты. Жалпы 200дөй соодагер чогулду. Алар "Кыял" жана "Берекет" соода базарын мамлекеттин карамагына өткөрүү талабын коюшту. Колдорунда "Элдин талабын уккула!" деп жазылган плакаттар бар. Ал ортодо Ленин районунун акими
Мирлан Аскар уулу чогулгандар менен жолугушуп, ойлорун угууга аракет кылды. Бирок алар "район башчысы "Силер эл эмессиңер!" деп айтты" деп ызы-чуу чыгарышты. Ошондой эле айтылган сөзгө бир топко ызаланышты. Аким минтип айтпаганын билдирүүдө.