"Ош базарындагы" соодагерлердин үнү Ак үйгө жеткен жок (фото)

Ак үй алдында бүгүн, 30-июнда да "Ош базарында" иштеген соодагерлердин нааразычылык акциясы орун алды. Соодагерлер "Кыял" жана "Берекет" соода базарын мамлекеттин карамагына өткөрүү, отурган орундары үчүн ижара акысын арзандатуу талабы менен чыгышты. Колдорунда "Элдин талабын уккула!" деп жазылган плакаттар бар. Бирок айтылган көйгөйлөрү Ак үйгө жеткен жок. Буга Ленин районунун акими Мирлан Аскар уулу тоскоолдук жаратты. Соодагерлер "район башчысы "Силер эл эмессиңер!" деп айтты" деп ызы-чуу чыгарышса, аким эл туура эмес түшүнүп алганын айтып, актанууга аракет кылды. Айрым аялдар акимге сөз бербей, аны жулкулдатып жатышты. Андан кийин айтууга келген талаптары артта калып, "Аким кетсин!" деп кыйкырып чыгышты. 
Мирлан Аскар уулу элди жубатып, андан кийин кетүүгө аракеттенди. Митинг жалпы 2 саатка созулганы менен, Ак үйдөн жооп ала алышпай, кайра тынч тарап кетүүгө аргасыз болушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Izdeim_seni.
2015-06-30 16:08:11
Кайран эл,курут боло турган болду го,акыр-макыр замансыз эле.
0
bakyt_2015
2015-06-30 18:51:16
Ушул бир базардын айланасын тартипке келтире албаган бийлик бийлик болбой эле куруп кетпейсинерби.Кодорунан эмне келет бул бийликтин билбейм кай жагына барба бардак.Ош базарынын айланасы канчадан бери айтылып келет эси бар жетекчи болсо ойлонот эле го карап койолучу эмне болуп атат деп.
+1
nelya88
2015-06-30 19:05:38
Ак уй- бул мамлекеттин кузгусу го,дейм.Кичине ал жерди да сыйлашыбыз керек да,туугандар!..
0
st1m_
2015-07-01 09:17:42
nelya88, Ак уй сыйлагыдай иштесе сыйлайбы.Элге пайдасын тийгизгендин ордуна элдин жонунан кайыш тилип, элдин эсебинен жашап келишет.Билгени ичип жемей, арам акча, карапайым элди олсон ол, калсан-кал сыяктуу мамиле кылат.Озлору тоодой акчаларды ашап бети чым дебей бир бийликтен бирооно отуп чалчандап журушот.Анан ак уйду ким сыйлайт ойлончу.
0
Maks_shop
2015-07-01 02:49:16
Тажабадыңарбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан