Жалал-Абадда “Хизбут-Тахрир” диний уюмунун мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда “Хизбут-Тахрир” диний уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 30-июнда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 29-июнда милиция кызматкерлери “Экстремист” операциясын жүргүзүшкөн. "Хизбут-Тахрир" диний уюмунун мүчөсү" деген шек менен Аксы районунун тургуну, 1980-жылы туулган Гүлзада Жабайкулованын үйү тинтүүгө алынган. Натыйжада диний-экстремисттик уюмга тиешелүү болгон 8 даана китеп, 9 даана баракча жана 1 даана журнал табылган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, Аксы РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан теологиялык экспертиза дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bemaKG90
2015-07-01 11:16:58
Al emne degen din tushunduro algandar barby maga
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан