Бүгүн, 30-июнда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева базистик окутуу планы боюнча кеңешме жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешмеде иш комиссиясы Кыргыз Республикасындагы орто билим берүү мекемелерине арналган жаңы базистик планды көрсөтүштү. Жаңы планда мурдагы мамлекеттик жана мектептик компонентти калтыруу менен «предметти тандап алуу» компонентин киргизүү каралган. Мындай окутуу планына ылайык, ар кайсы предметтерди тереңдетип окуткан лицейлер, гимназиялар, мектептер окуучулардын тандоосуна жараша сабактарды киргизе алышат.
Мурдагы Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан иштелип чыккан базистик окутуу планы мамлекеттик стандарттарга туура келбегендиктен, мугалимдердин сааттарын кыскартып, натыйжада мектеп мугалимдеринин нааразычылыгын жараткан. Мындан улам министр Эльвира Сариева иш комиссиясына жаңы окутуу планын түзүп чыгуу тапшырмасын берген.
Жаңы базистик окутуу планы министрлик түзгөн иш комиссиясы тарабынан иштелип чыккан. Акыркы толуктоолорду киргизгенден кийин мугалимдердин талкуусуна коюлат.