4 килограммга жакын маңзат менен Чүй облусунун тургуну кармалды

4 килограммга жакын маңзат менен Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу 30-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, "Издөө" аталышындагы рейддин жүрүшүндө 26-июнда Чүй облусунун 26 жаштагы тургуну кармалып, Ленин райондук сотунун чечими менен 3 күнгө камалган. Кармалган учурда ал баңгизатына көз каранды экени белгилүү болгон.

Үч күндөн кийин, 29-июнда түрмөдөн чыгып, кайра Ленин районунун аймагында 3 килограмм 800 грамм маңзат менен колго түшүрүлдү.

26 жаштагы М.Ага карата "маңзатты мыйзамсыз сактоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан