Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Клара Сооронкулованы Конституциялык палатанын судьясы кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетиришти. 83 депутат буга "макул", 19 депутат "каршы" деп добуш берди.
Эскерте кетсек, Конституциялык палатанын судьясы К.Сооронкулова "жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо Конституцияга каршы келет" деп айтканы үчүн Конституциялык палата жана парламенттин тармактык комитети аны кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетирүү чечимин чыгарган.
Кечээ, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында бул маселе боюнча добуш берилген, бирок жетиштүү 80 добуш берилген эмес.