Темир Сариев президенттин атынан "Азия MIX" КВН командасына 1 миллион сомдук сертификат тапшырды

Бишкекте бүгүн, 30-июнда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган концерт КРнын Өкмөтү тарабынан уюштурулду. Майрамдык концертке өкмөт башчы Темир Сариев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, билим берүү министри Эльвира Сариева, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев катышууда.

Концертти "Wi` ll Be" бий тобу ачып берди. Кечени Асхат Табалдиев менен Ростислав Ященко алып барышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө өкмөт башчы Темир Сариев бардык бүтүрүүчүлөрдү куттуктап: “Бүтүрүүчүлөр үчүн майрамдык концерт уюштуруу идеясы президентибиз Алмазбек Атамбаевге таандык. Азыркы учурда жаштарга көп көңүл бурулуп жатат. Биздин келечегибиз болгон бүтүрүүчүлөрдү окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, албан-албан ийгиликтерди каалайбыз. Кыргыз мамлекетин чет өлкөгө тааныткан жаштарыбыз көп, алардын катарында ийгилик жаратып келген "Азия МIX" КВН командасына президенттин атынан 1 миллион сомдук сертификатты тапшырып коюуга уруксат этиңиздер”,- деп Эльдияр Кененсаровго сертификатты тапшырды.

Ыраазычылыгын билдирген "Азия MIX" КВН командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров тамашага салып: “Темир Аргенбаевич, сертификатты кайсы жерде көп суммага алмаштырат? Сизге келели, алмаштырып бериңиз”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
nelya88
2015-06-30 20:42:20
Азаматсынар,Азия Микс!Сыйлыгынар кут болсун!


+8
alinevajnokg
2015-06-30 20:59:45
Азия Микс командасы сыйлыгынар кут болсун мындан аркы оюндарынарга ийгилик...!
+4
Rahim76
2015-06-30 21:09:04
Азия микс КВН де озбек.тажик.казак дебей эле ойногулачы.Ато Москвада орустар команданы азия элинен куралган деп ойлошот экен.
+17
killer-star
2015-06-30 23:24:19
Rahim76, туура айтас жок легенде атын озгортсо жакшы болмок.супер инфо ушул жонундо суроо берип коргулочу Эдияр байкеге.тема боюнча ушундой колдоого татыктуу эле,сыйлык кутболсун!
+3
mira120486
2015-06-30 23:47:39
жогоруда айтылган пикирге кошулам.
+3
joysin777
2015-07-01 01:41:51
Rahim76,бирок озбек кыз барда командада директоруда казашка Элдиярдын аялы
0
azamat85
2015-07-01 05:08:10
Rahim76, "Азия микс" Бишкек, Кыргызстан деп чыгат постоянно эле
0
JOM
2015-07-01 11:17:18
Rahim76,sebebi al jerde ,ozbek aktrisasi ,kazak oyunculari da bar,owonduktan owentip aytip jatat,menimche bulardin oyu bir gana KYRGYZ elin taanituu emes,rassiyanin orto aziyaga bolgon koz karawin ozgortup butun ele orto aziyani korsotup jatkan 4igar,minday oy maksat,minday jurok,sizde mende jokko deym
0
kama_future_millioner
2015-06-30 22:30:20
Азаматсыңар сыйлык кут болсун дагыда жаштарга көңүл бөлгүлө. Өкмөткө да рахмат
+4
Atabaevtalantbek
2015-06-30 23:56:29
Жаштарга конул бургандары жакшы дегилечи, бирок табийгаттын жургузгон селинен жапа чегип уй тамы сууга агып кеткен карапайым эл окмоттон жок дегенде 50000 сом жардам болор бекен деген умутто олтурушканы тууралуу да ойлонсо жакшы болмок.
+4
KUMU89
2015-07-01 00:06:01
Сыйлык кут болсун! Жанда ийгилик.
0
joysin777
2015-07-01 01:45:13
Atabaevtalantbek,ушунча кыргыздын атын чыгарып жаткан командага сыйлык бериптир куттуктап жонеле калгылачы эми аныда сындап кетпей
0
sterva
2015-07-01 08:34:32
Atabaevtalantbek, туура,канча деген адамдар денсоолугун ондой албай акчага зар болуп,омур менен олумдуе ортосунда жашап журушот.
+1
Mamat_ele
2015-07-01 00:42:48
Видеосун жуктоп койгулачы
0
Maks_shop
2015-07-01 00:51:26
Эң башкысы Кыргызстандын атынан чыгат
+3
China1987
2015-07-01 01:00:45
Байгенер кут болсун, дагы ийгиликтерге жетише бергиле ананда озунорго окшотуп жаштарды таптап остургуло.
+2
aash
2015-07-02 00:00:32
Кыргызстандын атын чыгарып жургон Азия Микс бул сыйлоого татыктуу. Кут болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан