Бишкекте бир нече уурулук фактысына шектелип буга чейин соттолгон 27 жаштагы Сардар Сатыбалдиев кармалды. Бул тууралуу 30-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, азыркы учурда С.Сатыбалдиев катышкан эки уурулуктун бети ачылган. Ушул жылдын 18-мартында Салиева көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен Х.К. аттуу жаранга тиешелүү унаадан 19 480 сомдук буюмду тоноп кеткен. Ал эми 1-майда Каарман көчөсүндө жашаган Л.Г. аттуу жарандын үйүнөн 863 миң сомдук зер буюмдарды уурдап кеткени аныкталган.
Азыркы тапта С.Сатыбалдиевдин башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экени текшерилүүдө. Милиция кызматкерлери аталган жарандан жабыр тарткандар (0 707) 68-82-82 телефон номери аркылуу байланышса болорун эскертишет.