Ош шаарында уй жана койдун этинин баасы 10 сомго арзандады. Муну бүгүн, 30-июнь күнү мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ош шаардык мэриясында кой, уй эттеринин баасын арзандатуу тууралуу талкуу уюштурулду. Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров, шаардагы борбордук базарда, аймактык кеңештерде эт саткан ишкерлер жана Монополияга каршы күрөшүү кызматынан өкүлдөр катышты. Тараптардын талаш-тартышынан улам этке болгон бааны аныктоо үчүн атайын комиссия түзүү сунушу айтылды. Биринчи вице-мэр Аскаров билдиргендей, базарда малдын баасы бир топ арзандаганы менен, эттин баасы түшпөй келет. Жыйында Ош шаарындагы эт сатуучулар мал базарда семиз жандык азайып кеткендиктен, эттин баасын арзандатуу кыйын экенин билдиришти. Буга байланыштуу Монополияга каршы күрөшүү кызматы менен эт сатуучулар аймактык кеңештердин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүп, малдын баасын текшермекчи. Жыйынтыгында комиссиянын чечими менен мал этинин баасы бекитилет.
Мындан тышкары Ош шаарынын мэриясы тарабынан комиссия чечим чыгарганга чейин Орозо айынын ичинде этке болгон бааны 10 сомго арзандатуу сунушталып, сатуучулар тарабынан колдоо тапты.
Эске сала кетсек, бул кезге чейин да Ош шаарынын мэриясы тарабынан мал этине болгон бааны арзандатуу сунушу айтылып, уйдун эти 380 сомдон 340 сомго чейин, койдун этин 370 сомдон 345-335 сомго чейин арзандаган эле.