Жер тилкелерине байланыштуу бир катар алдамчылык фактыларына шектүү катары эки аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 30-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга 63 жаштагы К.Ш. аттуу жаран кайрылып, Наргиза Калмырзаева менен Дилбара Калманбетовага карата чара көрүүнү суранган. Жабырлануучунун айтымында, 2014-жылдын 19-ноябрында жогорудагы аялдар "1 гектар жер тилкесин алып беребиз" деп алдап, 20 миң доллар алышкан. Факты боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Ушул тапта алдамчыларга туш болгон дагы 8 жаран арыз менен кайрылды.
Кылмышка шектүүдөн жабыркагандар (0 554) 10-22-57, (0 554) 10-22-62 телефондору аркылуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы менен байланышса болот.