Кечээ, 29-июнь күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте шаардын тазалыгын текшерди.
Анын негизинде шаардын Курманжан датка, Алымбек датка, Ак-Буура аймактык кеңештеринде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун текшерип, жашоочулар менен ой бөлүштү. Мэрдин айтымында, жашоочулар таштандыларды туура эмес жерлерге таштабай, төлөмдөрүн өз учурунда берип келишсе, шаардын тазалыгына чоң колдоо көрсөтүшкөн болот.
“Шаарыбызды таза кармоо үчүн көп аракеттер жумшалып жатат. Анын негизинде 2015-жылдын март, апрель айларынан баштап “Ош-Тазалык” ишканасы тарабынан “Таза короо” долбоору иштеп жатат. Долбоор шаардын тазалыгын жакшыртуу максатында кошумча 50 адамды ишке алып, учурда алар көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тазалоо жумуштарын аткарышууда.
Калаанын тазалыгы ар бирибиздин колубузда. Ошондуктан шаарбызга өз үйүбүздөй мамиле жасап, тазалыкка кайдыгер карабайлы. Шаардын тазалыгы үчүн биз тараптан аткарылып жаткан иш-аракеттерди колдоп беришиңиздерди сиздерден суранып кетер элем. Тазалаган жер эмес, булгабаган жер ар дайым таза болот”,- деди Кадырбаев.
“Ош-Тазалык” ишканасынын жетекчиси Талант Капаровдун айтымында, “Таза короо” долбоорунун негизинде алынган кошумча жумушчу эки топко бөлүнүп, жалпысынан 248 көп кабаттуу үйдү тейлеп жатат.
Аталган аймактын жашоочулары шаардын тазалыгы өткөн жылдарга караганда бир топ жакшырып, үйлөрдүн короолору да таза болуп, тургундарга ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгүн билдиришти.