Бүгүн, 30-июнда Индонезияда Hercules C-130 аскердик учагы кулады. Чет элдик маалымат булактары борттогу 113 адам каза болгонун жазышууда.
Маалыматка таянсак, анда жалпы 113 адам болсо, анын 101и жүргүнчү, 12си экипаж мүчөсү болгон. Учурда 49 адамдын сөөгү чыгарылганы айтылды. "Каза болгондордун саны мындан да ашык болушу мүмкүн",- деп айтылат маалыматта. Учак өлкөдөгү аскердик базалардын биринен Бунгуран аралына учуп жөнөгөн. Ал абага көтөрүлгөндөн 2 мүнөт өткөн соң бузулуп, Медан шаарындагы мейманкана жана турак үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн.