1-июлга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

1-июлда саат 01:44 чамасында кыргыз-тажик чек арасында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июль күнү ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Алай кырка тоолорунда орун алган. Ал Нура айылынан түштүк-батышка карай 27 чакырым, Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышка карай 30 чакырым жана Эркеч-Там айылынан түштүк батышка карай 35 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Калктуу аймактар боюнча жер титирөөнүн күчү Нура айылында 4 балл, Бор-Дөбө, Эркеч-Там айылдарында 3,5 балл, Сары-Таш айылында 3 балл жана Чоң-Каракол, Кичи-Каракол, Ак-Босого, Талды-Суу айылдарында 2,5 баллга жеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жабыр тарткандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан