Бишкекте жол-кайгуул кызматкерлеринин айдоочудан 5000 сом талап кылышып, бербей койгондон кийин артынан кууп барып унаасынын номурун чечип алышы боюнча окуяны ички иштер министри Мелис Турганбаев көзөмөлүнө алды. ИИМ бүгүн, 1-июлда билдиргендей, учурда териштирүү жүрүп жатат. Жыйынтыгында окуяга катышкан кызматкерлерге тийиштүү жаза колдонулмакчы, алардын ар бирине укуктук баа берилет.
Эскерте кетсек, кечээ
Болот Ибрагимов аттуу коомдук активист жол-кайгуул кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тартылган видеоматериалды жарыялаган. Толугураак
бул жакта.