К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин проректору 300 доллар пара алуу учурунда кармалды. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын билдиришинче, билим берүү кызматкери О.А. аталган окуу жайдын студенти болгон АКШнын жаранынан акча талап кылган. Студенттин дипломдук ишине байланыштуу оң чечим чыгарып берүүнү убадалап, аталган сумманы сураган. "30-июнь күнү оперативдүү текшерүү маалында проректор акчаны алып жатканда колго түштү. Факт боюнча УКМКнын Тергөө башкармалыгы "пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш ишин ачып, тергөөнү баштады",- деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.