Маалыматка таянсак, айыпталуучу С.М. аттуу жарандын эки мекемеде декреттик өргүүнү тариздеген фактысын таап, аны жазык жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп 100 миң сом талап кылган. "2015-жылдын 30-июнунда тергөө-ыкчам иштерин жүргүзүүдө Н.А. 60 миң сом өлчөмдө пара алып жатканда кармалды. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын материалдарынын негизинде бул факт боюнча Баткен облусунун прокуратурасы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесине (опузалап пара талап кылуу) ылайык кылмыш ишин козгоду. Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, жакында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери А.А. жана Т.Н. опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалышканын УКМК жарыялаган. Кененирээк бул жакта.