Кыргызстанда өткөн суткада 10 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын маалымат кызматы билдирди. Бишкекте 2, Чүй облусунда 1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы болду. Электр жабдыктарынын туура эмес орнотулушунун натыйжасында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин бухгалтердик бөлмөсүнөн өрт чыккан.