Маалыматка караганда, милицияга
Александровка айылынын 41 жаштагы тургуну Х.В. кайрылган. Ал Ысык-Ата районунда белгисиз адамдар күч колдонуп 12 миң сом акчасын тартып алышканын билдирген. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 30 жаштагы М.Рустам, 23 жаштагы М.Руслан жана
26 жаштагы О.Улан кармалды. Азыркы тапта алардын башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.