Ысык-Атада айдоочу унаасы менен даракты сүзүп, бир адам мерт болду, дагы үчөөсү жаракат алды
Чүй
облусунун Ысык-Ата районунда айдоочу унаасы менен даракты сүзүп, бир адам мерт болду. Бул тууралуу 2-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, жол кырсыгы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 47-чакырымында орун алган. Анда
Тойота- Прадо унаасы даракты сүзгөн, 3 кишини
"Тез жардам" кызматы менен алып кетишти. Куткаруучулар автоунаадан эркек адамдын жансыз денесин алып чыгышкан, аты-жөнү такталууда.