Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын Бишкек шаары, Сокулук жана Аламүдүн райондорундагы башкармалыктарынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура бүгүн, 2-июлда инспекция өкүлдөрү Кылмыш-жаза кодексинин 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-берене (кызматтык жасалмачылык) жана 350-беренеси (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, сатып өткөрүү же пайдалануу) боюнча айыпталып жатканын билдирди.
Жооптуу кызматкерлер 2014-жылы курулуш компанияларынын бири менен сүйлөшүүгө барып, мыйзамсыз курулуштарга керектүү документтерди даярдап бергени үчүн айыпталышууда. Факт боюнча учурда териштирүү жүрүүдө.